"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына Кыргыз мамлекетинин желеги астында катышкан жеңил атлеттер Илья Тяпкин менен Мария Карабицкая баш кошушту. Бул тууралуу өздүк булактар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, спортчулар океандын ары жагына аттанардан мурун эле мамилелерин мыйзамдаштыруу үчүн тиешелүү кызматка арыз беришкен. Жаштардын 2012-жылдан тарта мамиле куруп келишкени белгилүү.
Кошумчалай кетсек, "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында эки спортчу тең марафонго, тактап айтканда, 42 чакырым 195 метр аралыкка болгон жарышка түшүшкөн. Тяпкин 155 спортчунун ичинен 86-орунду ээлеп калган. Ал эми Мария Карабицкая 156 спортчунун ичинен 94-орунду ээлеген.