Бүгүн, 1-сентябрда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган айрым командалар Чолпон-Ата шаарына келип түшүштү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда таяк тартыш спорту боюнча оюндарга катыша турган спортчулардын алгачкы тобу келди. Алар Украина, Латвия, Чехия, Бразилия сыяктуу мамлекеттердин өкүлдөрү. Буга катар мандат комиссиясынан Польша, Бангладеш, Норвегия, Филиппин, Азербайжан, Индия, Армения, Грузия, Молдова, Шри-Ланка, Саха-Якутия Республикасынын өкүлдөрү өтүштү. Аларга атайын аккредитациялык карталар тапшырылды.