Баткен районуна караштуу Апкан айылында жаңы мектептин ачылышы болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман бүгүн, 1-сентябрда билдирди.
"Аскар Жоробаев атындагы орто мектептин ачылышы бүгүн, 1-сентябрда болду. Бул 150 орундуу мектеп 38 миллион сомго айылдагы 170 окуучу үчүн курулду. Анын ачылышына Баткен районунун администрациясынын кызматкерлери жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы келди", - деп айтты окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.