Кырчын жайлоосуна 600дөй боз үй тигилип жатат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 1-сентябрда кабарлады.
"Хан ордо" этношаарчасынын борборуна чоң боз үй тигилет. Анын тегерегине 350дөй боз үй, ал эми конокторду тосуу үчүн 300дөн ашуун боз үй тигилди. Уюштуруучулар ал боз үйлөр конок тосууга даяр экенин айтышууда", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.