ЭЛДИК КАБАР: "Бишкек шаарында абалы начар маршруттук таксилер көзөмөлдөнөбү?" дейт окурман

"Бишкек шаарында абалы начар маршруттук таксилер көзөмөлдөнөбү?" деген суроо cалды окурман WhatsApp аркылуу.

"Шаардагы эл ташыган унаалардын акыбалы начар. Ушундай коомдук транспортту ким көзөмөлдөйт? Айдоочу деле тазалап, отургучтарын ак кездеме менен каптап койсо болот го. Анча деле чыгым кетпейт. Эч ким көзөмөлдөбөйт. Ошол үчүн айдоочуга да баары бир. Бул 177-маршруттук каттам", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Abdurahman
2016-09-02 08:23:04
Козомолдонот алтындарым,мага ишенип койгула.
+1
Gulnazi
2016-09-02 08:37:28
башкасын кыйрата берсинчи чондор
+3
elli_88
2016-09-02 08:53:52
козомолдогону менен тиги айдоочуга да боор оруйт ал деле ак эмгеги менен уй булоо багайын деп журотда. кычыраган машинага акча жок болсо ишсиз калабы ......?
+9
din_tomas
2016-09-02 08:59:40
Эми ушул кабарды жоноткондон кийин тиги байкуш айдоочуга жалко да аны рейстен алып тынат, эптеп калдыраган болсо да уй-булоосун багып жатат. Кабарды жоноткон адам кичине ойлондунузбу? Анын таап жеп жаткан нанын тартып алгандай болдунуз?
+7
aziziko
2016-09-02 10:30:00
din_tomas,Туура айтасыз эмне кереги бар мунун ? Аран ошол машина менен балдарын багып журот да
+4
Samina007
2016-09-02 09:04:07
тапкан наны ушул болгондон кийин ,кичине тазалап койуш керек негизи,жүргунчулор картошка эмеско отургуч эмес кармаган порученьдер майланышатко чиркин
+3
Kroxa
2016-09-02 09:25:25
Туура эскилиги жеткен болсо деле отургучарын полун кармагычтарын тазалап койуп туруш керек биздики кээ бироонуку приатно тушсон эски болсо деле кээ бироо топурагы полдогу 6 эли чан жутуп кана жетесин жетчу жерине ал айдоочудан зависить
-1
omuke8993
2016-09-02 11:34:11
бул кабарды жиберген адам не башка жумуш таппай калдынбы
+2
ikitaidesu
2016-09-02 13:19:03
эски болсо деле тазалап коюшса болду.
-1
vangolu
2016-09-02 16:46:33
ваай кызык экенсиз автор.бергенибиз 10 сом.шаардын бул башынан тиги башына жетип алабыз.почти итбекер.асыла элек маршрутниктер эле калды бизге.аларсолярка куят.эртеден кечке пробка аралап нерв болуп уй-булосуно нан таап барышат.салондун жасалгасына балким артпайттыр.Айдоочуларга чоон рахмат 10 сомго бизди ташып жургонуно.
+2
Sagy
2016-09-03 18:30:43
Автор ХХХ. Тим койсо озунчо эле кабарчы болуп кетесинер да, ХХХ болуп атканынар менен ишинер жок!
0
admin_portal
2016-09-05 17:58:50
Sagy, этика нормаларын сактаңыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан