Жайдын акыркы күнүндө клуб которгон футболчулар: Давид Луиз "Челсиге" кайтты, Марио Балотелли Францияга жөнөдү

1-сентябрга караган түнү Европада футболдук клубдардын оюнчу сатуусуна жана сатып алуусуна чек коюлду. Айрым командалар жаңы сезонго күчтүү курам менен кирип барууну көздөп, мыкты футболчуларды сатып алышты. Ал эми англиялык "Манчестер Сити" бул күнү 4 футболчусу менен коштошту.

Назарыңыздарга трансфердин акыркы күнүндө клуб которгон атактуу футболчулардын тизмесин сунуштайбыз.

Давид Луиз

Франциянын чемпиону ПСЖ клубу 2 жыл мурун Давид Луизди лондондук "Челсиден" 49 миллион еврого сатып алган. Луиз Францияда өткөргөн 2 сезондо бул өлкөдө утууга мүмкүн болгон бардык мелдештерди утту. Франциянын чемпиондугу, Франция кубогу, Суперкубок... Бирок бразилиялык футболчу ПСЖ клубунун курамында "Челси" менен багындырган ийгиликтерге жеткен жок. Луиз "Челсинин" Чемпиондор Лигасын, Европа Лигасын утуусуна чоң салым кошкон.

2 жылдан кийин футболчу "Стэмфорд Бридж" стадионуна кайтып келди. Бул үчүн Роман Абрамович чөнтөгүнөн 35 миллион евродон ашык суммадагы каражат сарптады.

Марио Балотелли

Италиядан чыккан таланттуу футболчулардын бири Марио Балотелли өз талантын мыкты колдоно албай, күн сайын профессионалдык футболдогу ордун жоготуп баратканы сыр эмес. Кезинде ири клубдар талашып жүргөн Марионун бүгүнкү күндө абройлуу клубдарга кереги жок экенин ага түшкөн сунуштардан улам билсе болот. Марио 2014-жылы англиялык "Ливерпулдун" курамына кошулган. Ити чөп жебей калып, италиялык "Миланга" ижарага кеткен. Быйыл англиялык клубдун башкы машыктыруучусу Юрген Клопп ага башка клуб табууну буйруган.

Жыйынтыгында Марио Франция Лигасында ойногон "Ницца" клубу менен келишим түздү. Футболчу үчүн "Ливерпуль" эч кандай каражат сураган жок. Кайсы бир клуб оюнчудан арыла албай жүрсө, дагы бири оюнчуга зар экени байкалып турат...

Мусса Сиссоко

Сиссокону англиялык "Тоттенхэм" клубу "Ньюкаслдан" сатып алды. Трансфердин суммасы 35 миллион доллар болду. Сиссоко акыркы сезондо "Ньюкаслдын" лидерлеринин бири болгон. Бирок команда төмөнкү деңгээлде турган лигага түшүп кеткен. Ошондон улам оюнчу менен клубдун ортосундагы келишим бузулган.

Жек Уилшер

Англиялык таланттуу футболчулардын бири Жек Уилшер Англиянын "Борнмут" клубунда 1 жыл ойномокчу. Аны "Арсенал" клубу ижарага берди. 2001-жылы лондондук "Арсеналдын" жаштар командасына кошулган футболчу 1 жылдан кийин кайтып келиши мүмкүн. Азырынча анын машыктыруучу Арсен Венгерге кереги жок болуп турган чагы...

Самир Насри, Вилфрид Бони, Элиаким Мангаля.

Испаниялык машыктыруучу Хосеп Гвардиола англиялык "Манчестер Сити" менен келишим түзгөн соң көп футболчулардын командадан кетери болжолдонгон. Бул божомол трансфердин акыркы күнүндө да күчүн жоготкон жок. Клуб Вилфрид Бонини (ортодо) англиялык "Сток Ситиге" ижарага берди. Самир Насри болсо (солдо) испаниялык "Севильяга" жөнөтүлдү. Ал эми Элиаким Мангаля (оң капталда) испаниялык "Валенсия" менен келишим түздү.

Жо Харт

"Манчестер Ситиден" акыркы күнү "айдалган" футболчулардын катарын дарбазачы Жо Харт толуктады. Клубдун биринчи дарбазачысы чилилик Клаудио Браво болмокчу. Көпкө ойлонуп, майданга көпкө чыкпасын түшүнгөн Харт Италияны көздөй сапар алды. Ал алдыдагы 1 жылда "Торино" клубунун дарбазасын тосмокчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Seryi-Kardinal
2016-09-01 17:36:20
baikuw balotelli, emi bunun bagy a4ylbai kaldy okwoit
0
Kyialbek.a
2016-09-01 17:46:33
Биздин курама дуйнолук рейтингде алдыга жылдыбы
0
ofcourse
2016-09-01 20:03:36
Barsa slabyi boldu dani alves mn kbravo nu johottu
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан