Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталды

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2, Ысык-Көл облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 3, Чүй облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы болгон.

Аламүдүн районунун Горная Маевка айылында жыгач устундуу, темир менен жабылган дүкөндүн чатыры, 6 муздаткыч, 2 терезе, 4 эшик жана дүкөндөгү азык-түлүк күйгөн. Тилсиз жоонун келип чыгышына электр жабдууларын куроодогу эреженин бузулушу себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
fly2010
2016-09-02 09:32:21
Кудай сактасын элибизди. Эскирген электр зымдарына конул буруп алмаштырып турсак коркунуч аз болот эле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан