Борбор калаада тоноочулукка шектелип Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Жалал-Абад облусунун 38 жаштагы М.Б. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 1-сентябрь күнү саат 11:00 чамасында "Ош базарынын" аймагынан белгисиз жаран акча каражатын тартып алганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 29 жаштагы О.Б. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалган. Учурда кылмышка шектүү камакка алынып, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.