Паспорт алуунун наркы 1-сентябрдан тарта кымбаттады

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун жана Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун (ЖЖП) даярдоо жана персоналдаштырууга кеткен чыгымдарды эсепке алуу менен паспорттун даярдалышынын өздүк наркынын калькуляциясын карап чыкты. Бул тууралуу МККнын басма сөз кызматы бүгүн, 2-сентябрда кабарлады.

"Буга чейин паспорттун баасы евронун курсунан көз каранды болгонун белгилеп кетүү керек, анткени чыгымдалуучу материалдар евро курсу менен сатылып алынчу. Азыркы учурда улуттук валютада паспорттун баасынын прейскурантын туруктуу негизде берүү максатында, мурдагыдай евронун курсунан көз каранды болуп, баанын болжолдуу жана туруксуздугун жокко чыгаруу үчүн МКК бланкалык продукциянын баасын сомго өткөрдү жана бекитти. Эми евронун курсунан көз каранды болбостон, ID-карта үчүн чыгымдалуучу материалдардын наркы 99 сомду, ЖЖП 302 сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Чыгымдалуучу материалдардан тышкары паспортторду даярдоо жана персоналдаштыруу кызматтары да кошумча төлөнөрү маалым болду. Паспорттун эки түрүн даярдоо жана персоналдаштыруу жол-жобосу бирдей болгондугуна карабастан, мурда ID-картаны даярдоо 20 сомдун тегерегинде, ал эми жалпы жарандык паспортту персоналдаштыруу 250 сомго жакын болчу. ID-картанын жана ЖЖП персоналдаштыруунун бул баасы бекитилген жана 10 жылдын аралыгында өзгөрүлбөгөнүн айтат басма сөз кызматы.

"Паспортторду даярдоо жана персоналдаштыруу үчүн мурунку баанын өлчөмү 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тескемеси менен бекитилгенин жана 10 жылдын аралыгында кайра каралбагандыгын белгилеп кетүү зарыл", - деп айтылат маалыматта.

Бул каражаттар жалпы негизде паспортторду даярдоо жана персоналдаштырууга кеткен каражаттарды дагы жапчу эместигин белгилейт Мамлекеттик каттоо кызматы. Ушуга байланыштуу шашылыш документтештирүүдөн алынган каражаттар жалпы негиздеги паспорттоштурууга субсидияланган. Буга Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан Жөнгө салынуучу кызматтардан (шашылыш документтештирүү) келип түшкөн кирешелердин эсебинен жалпы негизде калкты паспорттоштурууну субсидиялоону ишке ашыруу бөлүгү "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 6-пунктунун талаптарына карама-каршы келет.

"Жыйынтыгында 2016-жылдын 1-августунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 9-февралындагы №90-тескемеси жокко чыгарылды жана 2016-жылдын 1-сентябрынан баштап Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортторун даярдоо жана персоналдаштырууга жаңы баалар киргизилди. Паспортту даярдоонун жаңы баасы бирдей 290 сом болуп бекитилди. Бул баа кызматкерлердин эмгек акысын төлөө жана социалдык камсыздандырууга чегерүү, электр энергияга чыгымдар, жабдыктарды амортизациялоо, ижараны төлөө, атайын корреспонденцияны жөнөтүү жана башка ушундай сыяктуу паспортторду даярдоодо фактылай чыгымдарды эсептөөдөн келип чыкты. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алууга нарк ID-карта үчүн 270 сомго, жалпы жарандык паспорт 40 сомго жогорулады, ал өздүк наркынын чыгымдарына ылайык келет", - дешти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Uson13
2016-09-02 14:07:20
Өлүп эле калбайсыңарбы чиновниктер кризис болуп эл кыйналып турса силер бааларды көтөрөсүңөр ХХХ
+5
admin_portal
2016-09-02 14:35:19
Uson13, этика нормаларын сактаңыз!
0
lolo.1
2016-09-02 14:20:56
Эми кымбататпаганынар ушул эле калдыле
0
imanchik
2016-09-02 14:40:24
Жашоо кымбаттап жатат)
+1
-Sumitra-
2016-09-02 15:39:07
Ушул мн эле бутуп калса гана?Паспорт даярдайбыз деп канчалаган акчаларды коротобуз.пара берип жатып аран бутот го паспорт.
+3
oscar
2016-09-02 15:42:59
Бир гана айлыктан башкасы бут кымбаттайт
+3
aidai271115
2016-09-02 18:03:26
тфу ата мен 10 мин кетирип анан аламгоо кысталак аны билгенде паспорт столго ишке кирмек экенмин
+1
bizon
2016-09-03 07:16:19
Ушул бааларды жазган таблитсаны ар бир паспорт беруучу жайларга чоон чон кылып илип коюш керек.
0
KYRGYZJERI
2016-09-03 07:40:23
Бул жон гана схемасыда.
Паспорт столго барсан бул баадан 2 эсе чапчыйт.
Еще документтин барын даярдап чайнап бересин, ошону да тез арада жута алышпай 1 ай кармайт.
Чет олкодо ID, Загр.паспорт алам десен 1 сурот м.н бутот экен.
Эч бир справканын кереги жок, паспорттун номерин терсе эле комп.бут чыгат.
Коп олкодо Загр.паспортко эле акча албаса ID бекер жазалат.
Бизделе ушунун бир оной жолун таба алышпай коюшту.
Адрес алмаштырсан кайра алыш керек, турмуш ку
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан