ЭЛДИК КАБАР: "Жугуштуу оорулар менен күрөшүү борборунда оору жугузуучу курт-кумурскалар жүрөт" дейт окурман

Баткендеги Жугуштуу оорулар менен күрөшүү борборунда оору жугузуучу курт-кумурскалар жүргөнүн окурман бүгүн, 2-сентябрда WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.

"Мен ооруп, Жугуштуу оорулар менен күрөшүү борборуна жаткам. Жаткан жерибиз бул борбор болгону менен, ичи толо оору жугузуучу курт-кумурскалар. Башка жерде мындай болсо да, Жугуштуу оорулар менен күрөшүү борбору таза болуш керек деп ойлойм", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Bayjigit83
2016-09-02 19:56:00
Эки тараканды ары айдаап бери айдаап тарта бергенго.
Анан эле курт кумурскалар болуп чыга келген.
+10
bema_bema
2016-09-02 20:02:32
Таракан экен
0
Vegan
2016-09-02 20:14:23
Жугушту жакта не кылып журосун озун деги?
+5
Mekuza92
2016-09-03 11:14:52
Ооруса барат да сразу оюун жаман жакка кетет го башканы сындагандан коро озуно ден соолук тиле... чындыгында таза болуш керек да бул сурот менен санэпидке барса аларды текшерууго келет аларды уулантыш керек пайдасы жок булардын
+2
bek.kgz
2016-09-03 13:06:33
Пайдасы бар,алар биздин булгаган жерлерди тазалашат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан