Жумгалда “эки небересин сабады” деп айыпталган өгөй чоң эне менен чоң атанын иши кыскартылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Нарын облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-июль күнү Жумгал райондук соту “эки небересин сабады” деп айыпталган Ж.Дамира менен Б.Таалайбектин ишин караган. Анда эки тараптын өз ара келишип алышканы белгилүү болгон. Мындан улам райондук сот Жазык-процесстик кодексинин 28-берене (жабырлануучу жана прокурор ачык айыптоону колдоодон баш тартканда жазык иши козголушу мүмкүн эмес, ал эми козголгон жазык иши кыскартылат) жана Кылмыш-жаза кодексинин 66-беренесинин (жабыр тартуучу менен макулдашууга жетишкенде кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу) талаптарына ылайык, аларга козголгон кылмыш ишин кыскартып, жаза жоопкерчилигинен бошотууга мажбур болгон.
Тактап айтканда, балдардын апасы Ж.Ы. сотко кат менен кайрылып, айыпталуучуларга эч кандай доосу жок экенин билдирип, ишти өндүрүштөн кыскартууну суранган. Ал балдары менен Орусияда болгондуктан, сот отурумуна катыша албасын билдирген.
Айта кетсек, 2015-жылдын 20-декабрында Ж.Дамира 4 жаштагы өгөй небересин заңдап койгону үчүн ысык сууга бутун жана жамбашын күйгүзүп салган. Ал эми чоң атасы Б.Таалайбек неберелерин мас абалда сабачу.
Өгөй чоң энеси менен чоң атасынын ур-токмогуна кабылган 6 жаштагы Диана SUPER.KG порталы менен болгон маегинде: “Чоң энем тазикке ысык суу коюп, ага бөбөгүмдү отургузду. Ал чыдабай туруп кетти. Мен ага болушайын десем, менин колумду мешке такады. Анан "болушсаң ушундай болот" деп үйдөн кууп чыкты. Түнү бою көчөдө жалгыз жүрдүм. Күн чыкканда үйгө алып келип, иним экөөбүздү сабады”, - деп билдирген эле.