Бишкекте момдон жасалган айкелдердин көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөнүн автору Кубатбек Төлөгөнов жалпысынан 17 айкел тургузулуп, ар бирине 2000 долларга жакын каражат сарпталганын айтат.
Көргөзмөнүн кире беришинде француз актёру Жерар Депардье элди тосуп алат. Андан ары басканда дүйнөгө атагы чыккан ар тармактын адамдарынын момдон жасалган айкелдерин көрүүгө болот.
“Шаардын конокторуна жана тургундарына искусствонун бул түрү менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзгүм келди. Мындай музей Кыргыз Республикасында буга чейин болгон эмес. Каармандар абдан кылдаттык менен жасалган, аларды ар бир адам тааный алат”, - деди көргөзмөнүн автору.
Маалымат үчүн: Дүйнөдөгү эң чоң момдон жасалган айкелдердин музейи Тюссо айымдын музейи болуп саналат. Ал 200 жыл мурун ачылып, азыр анын дүйнө боюнча 20дан ашык бөлүмү бар.