Кумдан жасалган скульптура фестивалында 3 миңден ашык адам мейман болду

“Ысык-Көлдүн сыйкырдуу кумдары” аталышындагы кумдан жасалган скульптуралардын фестивалы ачылган күндөн тартып үч миңден ашуун адам анын мейманы болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан фестиваль Чолпон-Ата шаарында 25-августта башталган.

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары", "Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 25 жыл", "Кыргызстандын тарых жана маданият жылы" темалары боюнча Кыргыз Республикасынан 14, Казакстандан 6, Өзбекстандан 1 скульптор, ошондой эле скульптуранын сырлары менен тааныш бардык каалоочулар өзүнүн эмгектерин жана композицияларын тартуулады", - деп айтылат маалыматта.

Уюштуруучулар белгилегендей, фестивалда балдарга арналган аянтча болот, ал жерде жаш балдар кумдан өз алдынча ар кандай фигураларды даярдоого мүмкүнчүлүк алышат.

Фестиваль белгилүү ырчылар, элдик фольклордук ансамбль менен бий топторунун катышуусундагы концерт менен коштолот. Ал сентябрь айынын аягына чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ali.979797
2016-09-03 11:46:57
Сүрөттөрүн киргизип койсоңор жакшы болмок
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан