Токмокто канализацияны оңдоп жаткан 3 адам газга ууланып, бири каза тапты

Канализацияны оңдоп жаткан 3 адам газга ууланды. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ саат 10:30 чамасында Токмок шаарынын Ленин көчөсүндөгү
“Токмок суу-канал” ишканасынын аянтында 3 адам канализация оңдоп жатып газга ууланган. Натыйжада 1 адам каза болгон жана 2 адам жаракат алган. Окуя болгон жерге Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, аларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн, ал эми медициналык тез жардам кызматкерлери тарабынан Токмок шаардык ооруканасына жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ilgis1991
2016-09-03 14:16:56
Дагы башталдыбы,кырсыктар.Тообо элибиз тынч эле болсунчу.Эми Москвадагы ортту унутайын деп калганда...Ал эми ушундай маселелерди чечкен депутат соройлорубуз эс алууда чардап жатышат.Чардай бергиле,кайран жеп утаттар!!!Ал эми кыкем чыда,жунун жалтырак болот.
0
alibekova94
2016-09-03 14:23:41
Жараткан кичинекей олкобуздо эмнелер гана болуп жатат, озун жардам берген бол. Сакайып кетишсин эсен аман.
+2
dobrajelatel
2016-09-03 15:03:11
Экинчи ирет ушул жылы
+1
Zanzibara
2016-09-03 15:17:39
Өзү кыргыз эч нерседен сабак албайт жана алдын ала сактанбай болсо болот болбосо жок деп кайдыгер карап өз кара жанына күйбөгөн келесоо калк болуп бара жатабыз. Өткөндө эле Нарында дал ушундай ишти жасайбыз деп үч АДАМ өлүп кетти го. Бир противогаздын жоктугунан. Ошондон сабак албай дагы адам өлүүдө. Эмне противогаз ошончо адам өмүрүнөн кымбатпы??? Жалпы өлкө боюнча водаканалды противогаз менен камсыздап коюш керек эле ошол окуядан соң. Бул кетиште дагы нечендеген жөнөкөй эл өлүп кетет го. Ансы
+2
Zanzibara
2016-09-03 15:21:35
Ансыз деле авария өрт сууга чөгүп жана башка бир күндө канчалаган жарандар кетип жатышат. Элементардуу нерсе менен камсыздай албай килтейген кишилер жок болуп жатат.
+1
NARYNGRAD
2016-09-03 20:28:53
Zanzibara,Туура айтасыз, ушундай эле кырсыктын айынан июнь айында Нарын шаарында 3 адам каза болуп, 2 адам оор абалда ооруканага жатып чыкты. Ошол окуядан кийин болгон жетекчинин баары сабак алып, кырсыктын алдын алуу жумуштарын аткаруулары зарыл эле, бирок тилекке каршы биздин алдым-жуттум чоңдорубуз андай жумуштун бирин дагы жазашкан жок. Анын кесепетинен карапайым элдин карапайым балдары каза болуп отурушат.Биз деги качан оңолөбуз.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан