Сочи шаарында "Жаңы толкун" сынагы старт алды

Бүгүн, 4-сентябрга караган түнү Орусиянын Сочи шаарында 15-Эл аралык "Жаңы толкун" музыкалык сынагы старт алды. Салтанаттуу аземге Орусиянын популярдуу ырчылары Полина Гагарина, Алсу, Сергей Лазарев, Кети Топурия, композитор Игорь Крутой жана башкалар катышканы маалым болду. Ошондой эле ачылышка кадырлуу конок катары чет элдик белгилүү ырчылар Рики Мартин, Стинг, Лара Фабиан чакырылган.

Белгилей кетсек, аталган сынакта Кыргыз өлкөсүнүн намысын жаш ырчы Нурсултан Азыкбаев коргойт. Сынакта ар өлкөдөн келген 16 катышуучу өнөрүн көрсөтүп, биринчилик үчүн ат салышат. 8-сентябрда катышуучулар үчүн музыкалык сынак аяктайт. Ал эми көрүүчүлөрдүн добуш берүүсү 9-сентябрда токтотулат, андан соң жыйынтыктоочу концерт уюштурулуп, жеңүүчү аныкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
uulbolsun1996
2016-09-04 03:04:52
16 катышуучу
0
Miraida2012
2016-09-04 03:39:19
Ийгилик каалайбыз Нурсултанга.
Добушту кантип берсек болот?
+12
aiman1983
2016-09-04 13:09:33
Новая волнага Айчолпонду жоноткулочу, сураныч.
-3
Siren90
2016-09-04 13:27:59
aiman1983, кайсы Айчолпон
+1
blood
2016-09-04 17:40:59
Кыргыдар онугуу жолунда мен сени суйоом кыргызстаным
+1
Blackmoon
2016-09-04 19:39:39
Нурик алга
+1
Blackmoon
2016-09-04 19:40:12
Кыргызстан биринчи
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан