3-сентябрда Чолпон-Ата шаарында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылуу аземи орун алды. Ат майданга 13 миңден ашуун көрүүчү чогулуп, коноктор менен бирге бир катар саясий, коомдук ишмерлер, спорт ишмерлери келишти.
Ачылуу аземине эс алуусун 12-сентябрга чейин узарткан Жогорку Кеңештин депутаттары да күбө болушту. Эл өкүлдөрүнөн ат майданга Садык Шер-Нияз, Алмамбет Шыкмаматов, Тазабек Икрамов, Дастан Бекешев, экс-депутат Жылдыз Жолдошова жана башкалар келишти.