Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо болгон иш-чаралар:
16:25. Кийинки мелдеш - уландар арасында таяк тартыш боюнча 7 комплект медаль ойнотулду. Мелдеш бир эле учурда Дүйнө чемпиондугу макамына ээ болуп, спортчулар 2 мелдештин чемпиондугу үчүн кармашып жатышты.
Тилекке каршы, 7 салмак категориясында бир дагы спортчубуз финалга чыга алган жок. Жыйынтыгында 5 спортчубуз коло медалдарды тагынышты.
Эл аралык мас-рестлинг федерациясынын демилгеси менен оюндарда 1-орунду ээлеген спортчуларга 35 миң сом, 2-орун ээлерине 30 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды. Ал эми 3-орун ээлерине 20 миң сомдон берилди.
60 килограмм:
1-орун. Игорь Дьяконов (Орусия)
2-орун. Валери Адамадзе (Грузия)
3-орун. Нарек Тадевосян (Армения), Азамат Асанов (Кыргыз Республикасы)
70 килограмм:
1-орун. Афанасий Платонов (Орусия)
2-орун. Ховхан Хованясян (Армения)
3-орун. Олексий Кушнир (Украина), Кудайназар Алимов (Кыргыз Республикасы)
80 килограмм:
1-орун. Анатолий Гладков (Орусия)
2-орун. Карен Мартиросян (Армения)
3-орун. Султан Агаев (Азербайжан), Роман Григорьев (Казакстан) – 20 000 сом
90 килограмм:
1-орун. Павел Черноградский (Орусия)
2-орун. Пол Шон Коуч (АКШ)
3-орун. Хади Вафаепур (Иран), Азат Таштанбеков (Кыргыз Республикасы)
105 килограмм:
1-орун. Виктор Докалов (Орусия)
2-орун. Микола Савостяненко (Украина)
3-орун. Андрей Цой (Кыргыз Республикасы), Вячеслав Абросимов (Кыргыз Республикасы)
125 килограмм:
1-орун. Анатолий Байшев (Орусия)
2-орун. Жейкоб Финерти (АКШ)
3-орун. Стефан Секеж (Норвегия), Доминик Жухаш (Венгрия)
125 килограммдан жогорку салмак:
1-орун. Звяд Кажая (Грузия)
2-орун. Виктор Колибабчук (Орусия)
3-орун. Антанас Абрутис (Литва), Лисис Мартинс (АКШ)
15:42. Көк бөрү боюнча беттештер өтүүдө. Муляж оюнга даяр болбогондуктан, анда кадимкидей улак тартылып жатат. Буга чейин "муляж тартылат" деп элди дуу көтөргөн уюштуруучулар мунун себебин муляждын оюнга даяр боло электиги менен түшүндүрүштү. SUPER.KG порталына Улуттук оюндар боюнча дирекциянын башчысы Алмаз Касенов буларды айтып берди: "Биз муляжды жасап, даярдап койгонбуз, бирок бир-эки мелдеште сынап көрүп, айрым кемчиликтер пайда болуп калды. Ал кемчиликтерди жойгонго убакыт керек болуп жатат. Улакчылар муляжды аз убакыт мурун гана кармап көрүшкөндүктөн, көнө албай калат деген кооптонуу менен Көчмөндөр оюндарында теке тартууну туура көрдүк".
Кыргыз мамлекети көк бөрү оюнун ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизүү аракетин көрүп келет. ЮНЕСКО буга чейин жандыктарды аёосуз кордоого каршы экенин белгилеп, көк бөрүнү тизмеге каттоо үчүн улактын ордуна муляж жасап чыгууну сунуштаган.
11:55. Бул күнү мас-рестлинг боюнча 14 комплект медаль ойнотулууда. Алгач кыз-келиндер арасында чемпиондор аныкталды. Кыргыз спортчуларынын атына жазылган алгачкы алтын медалды таяк тартыштан Ольга Шайнурова багындырды. Бул ийгиликти 85 килограмм салмакта жаратты.
Бардык салмактардагы байге ээлери:
55 килограмм салмакта
1-орун. Валита Горельчники (Грузия)
2-орун. Анна Охлопкова (Орусия)
3-орун. Розалия Тилегенова, Дилбара Иманкулова (Кыргыз Республикасы)
65 килограмм салмакта
1-орун. Марина Федоренко (Орусия)
2-орун. Эльмира Эзиями (Казакстан)
3-орун. Милена Трофименко (Өзбекстан), Клаудия Виэчзорек (Польша)
75 килограмм салмакта
1-орун. Туяра Орлова (Орусия)
2-орун. Алина Таларчык Магдалена (Польша)
3-орун. Елена Аитова (Өзбекстан), Ольга Сукач (Украина)
85 килограмм салмакта
1-орун. Ольга Шайнурова (Кыргыз Республикасы)
2-орун. Олеся Гуреева (Өзбекстан)
3-орун. Саина Седалищева (Орусия), Ирина Миронова (Кыргыз Республикасы)
85 килограммдан жогорку салмакта
1-орун. Татьяна Григор (Орусия)
2-орун. Айчүрөк Эргешова (Кыргыз Республикасы)
3-орун. Иванна Михайлюк (Украина), Сураё Шаропова (Казакстан).
10:39. Бүгүн, 4-сентябрда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында бир катар спорт түрлөрү боюнча мелдештер орун алмакчы. Уюштуруучулар түзгөн программанын негизинде спорт сүйүүчүлөрү көк бөрү, таяк тартыш (мас-рестлинг), казак күрөшү, тогуз коргоол, ордо сыяктуу спорт түрлөрү боюнча мелдештерге күбө боло алышат.
Ат майданда жана анын жанында жайгашкан Ден соолукту чыңдоо борборунда боло турган оюндар:
09:00. Көк бөрү боюнча мелдештер;
09:00 - 12:00. Таяк тартыш (мас-рестлинг боюнча финалдык беттештер);
12:00 - 18:00. Казак күрөшү;
09:00 - 18:00. Интеллектуалдык оюндар (тогуз коргоол, манкала);
10:00. "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионатында ордо оюну;
15:00 - 18:00. Кырчын жайлоосунда салбуурун (бүркүт салуу, далба ойнотуу).
Ушул эле күнү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү, таяк тартыш (мас-рестлинг), казак күрөшү, тогуз коргоол, ордо сыяктуу спорт түрлөрү боюнча мелдештер өтүп жатат.
Кырчын жайлоосунда болуп өткөн иш-чаралар:
17:00. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда кол өнөрчүлөрдүн улуттук буюмдары жана улуттук тамак-аштар көргөзмөсү болууда. Көргөзмөгө 500гө жакын кол өнөрчүлөр катышып жатат.
Нарын облусунан келген Курманбек Сартматов териден ар кандай буюмдарды өзү жасайт.
"Бул иш менен 25 жылдан бери алектенем. 100 миң сомдук ээрди 10 күндө жасайм. Камчынын сабына күмүш аралаштырылса, 10 миң сомго чейин болот", - дейт Сартматов. Ал жасаган буюмдарын Көчмөндөр оюндарынын акагында өтө турган көргөзмөгө алып келген.
16:48. "Көчмөндөр ааламы" фестивалына тамак-аш, улуттук кийимдер, боз үй жасалгалары, айтыш боюнча артисттердин, даярдоочулардын, катышуучулардын саны 7500 болду. Ачылышка өлкө боюнча чакырылган чыгармачылык топтордогу маданият кызматкерлеринин саны - 800, каскадёрлордун, атчандардын саны - 400, ал эми Маданият үйлөрүнөн чакырылгандардын саны - 800.
Этношаарчада 350 боз үй болсо, андан сырт жайгашкан боз үйлөр тейлөө үчүн тигилген. Этношаарчада темирден жасалган бир дагы боз үй жок.
"Бул жакка 15 күн мурун келип, боз үйлөрдү тигип, даярдана баштаганбыз. Көчмөндөр кандай жашаса, бүгүн ошону так чагылдырууга аракет кылдык. Миң метрлик "Хан ордого" ар бир облустун эң мыкты делген боз үйлөрү тигилди. Ар бири ата-бабаларыбыздын салты менен, нукуралыгы менен сынакка катышууда. Бүгүнкү аземдин акырында жеңүүчү аныкталат. Калыстар тобундагылар үчүн жободо "эч жакка тартпашы керек" деп жазылган, андыктан адилетсиздик болбойт деп ишенебиз", - дешти фестивалдын уюштуруучулары.
Даярдоо маалында кыйынчылыктар болгону менен, жыйынтыгы жакшы болгонун белгилешти уюштуруучулар.
15:30. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көрүүчүлөр, спортчулар гана келбестен, каражат табуу максаты менен келгендер да бар. Бири ат, төө мингизип, бири куштары менен сүрөткө түшүрүп акча табат. Алардын бири Жума Темирканов Кырчын жайлоосунда төө мингизип конокторго кызмат көрсөтүүдө. Ал эки өркөчтүү төөсүн 5 мүнөт мингизгени үчүн 300 сом алат. Төөсүн чет элдиктер жана жергиликтүү эл минип жатышат. Ал эми бүркүт менен сүрөткө түшүүнүн баасы 100 сом.
"Тапкан акчама бүркүткө эт, азык алам. Бүркүтүмдүн аты - Алгыр, 1 жашта. Күнүнө 300 грамм эт жейт", - дейт мүнүшкөр Таалай Төлөгөнов.
Мындан сырткары ат мингендер үчүн 1 мүнөтү 10 сом, Кырчынды айланып чыгуу 500 сом экенин аттын ээси Тилек Эшбаев айтты.
14:00. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Кырчын жайлоосуна этношаарча курулуп, 600дөн ашуун боз үй тигилип, казан-казан эт бышырылууда. Жайлоодогу иш-чаранын жүрүшүндө улуттук буюмдардын көргөзмөсү өтүп, кыргыз элинин каада-салты, басып өткөн тарыхы, театрлаштырылган оюндар көрсөтүлдү.
Жалал-Абаддан оюндарды көрүүгө келген Жумагүл Шайыкова бул иш-чара менен сыймыктанып жатканын билдирди: "Оюндардын даярдыгы мыкты экен. Көрүп рахат алып отурам. Аталардын басып өткөн жолун сахнадан көрүп, алар менен сыймыктанып кеттим".
Көчмөндөр оюндарына кытайлык кыргыздар да келишкен.
"Кызыл-Суудан атайын оюндарды көргөнгө 100 адам келди. Биз кыргыз элин, мекенибизди сагынабыз. Мекенге келсек кусалыгыбыз жазылгансыйт", - дейт кытайлык кыргыз кызы Мунара Абдурасулова.
Кырчын жайлоосундагы салтанатка актёр Стивен Сигал да катышууда. Актёр менен вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бирге аземге күбө болуп жатат. Иш-чарада кыргыз жигиттери кыз куумай, эр эңиш, улак тартыш оюндарын сахналаштырып аткарышты. Стивен Сигал кыргыз элинин улуттук оюндарын көрүп, кол чаап отурду. Ал оюндун кызыктуу жерлерин өзүнүн уюлдук телефонуна сүрөткө тартып жатты.
01:00. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылуу аземине 62 өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан билдирди.
Аземдин ачылышына белгилүү киноактёр Стивен Сигал да катышты. Салтанаттын башталышында сыйлуу конок катары актёр эл алдына чакырылды. Ал кыргыз атын минип ат майданына чыкты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ат үстүндө ойногон кыргыз жигиттери өз өнөрлөрүн тартуулашты. Кооптуу делген ат трюктарынан кыргыз жигиттери ат үстүндө күйүп жаткан трюкту аткарышты. Салтанатта улуттук кийим кийген миң комузчу "Маш ботой" күүсүн чертти. Мындан сырткары "Ак Бакай" күүсү жаңырып, бүтүндөй дүйнө элинин назарына сунушталды.