Бишкектеги "Дыйкан" базарындагы жолдор начар абалда экенин окурман бүгүн, 4-сентябрда WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
"Бишкектеги "Дыйкан" базарындагы жолдорду кичине оңдоп, унаа жүрө турган кылып коюшса жакшы болот эле. Өкмөткө кайрыла берип, кайрылбаган жерибиз калган жок. "Дыйкан" базарына унаа менен кирсеңиз, асты тийип, бир жери иштебей калышы мүмкүн", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.