Испаниядан бери Талас облусуна 45 күндө келген саякатчылар Бишкекке жөнөп кетишти. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Бул жигиттер Испаниядан бери Таласка 45 күндө келишиптир. Алдыда Бишкек, Алматы, Орусия, анан Монголия бар. Монголиядан өздөрүнүн саякатын жыйынтыкташат экен. Эски унаада болсо да эл-жер көрүүгө чыгышкан. Биз да жалкоо болбой, аракетчил бололу. Унаада ар кайсы тилде каалоо-тилектер жазылган экен. Мен да өзүбүздүн тилде кол жазма калтырдым. 23 жаштагы саякатчы балдар англис жана испан тилинде сүйлөшөт", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.