Нурсултан Азыкбаев "Жаңы толкун" сынагында калыстардын берген добушу боюнча жогорку упай алды (видео)

Орусиядагы "Жаңы толкун" сынагы учурда кызуу уланууда. Кечээ, 4-сентябрда аталган сынакта өлкөнүн намысын коргоп жаткан Нурсултан Азыкбаев өнөрүн көрсөтүп, Cтингдин репертуарындагы "Shape of my heart" чыгармасын аткарган. Ушул эле күнү добуш берүүгө коюлган. Биринчи күндөгү көрүүчүлөрдүн берген добушу боюнча мекендешибиз алдынкы орунда бара жатат. Ал эми ырчынын менеджери Иззат Молтоевдин айтымында, сынактын биринчи күнүндө Нурсултан калыстардын добуш берүүсү боюнча жогорку упай алган.

"Кечээ сынактын биринчи күнү болуп өттү. Анда Нурсултан Cтингдин репертуарындагы "Shape of my heart" чыгармасын аткарды. Залдагы калыстардын бирөө гана 10 упай берген, калганы эң жогорку деп эсептелген 11 упайдан коюшкан. Ошондо биринчи күндүн жыйынтыгы боюнча Нурсултан эң жогорку упайды алды. Учурда "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү" наамына добуш берүү уланууда. Тилекке каршы, Кыргыз жериндегилер добуш бере алышпайт. Ал эми чет жерде жашаган ар бир мекендешибиз добуш бере алат", - деп билдирди И.Молтоев.

Белгилей кетсек, Нурсултан Азыкбаев 6-сентябрда Григорий Лепс менен дуэт ырдайт. 8-сентябрда катышуучулар үчүн музыкалык сынак аяктайт. Ал эми көрүүчүлөрдүн добуш берүүсү 9-сентябрда токтотулат, андан соң жыйынтыктоочу концерт уюштурулуп, жеңүүчү аныкталат.

"Жаӊы толкун" Нурсултан Азыкбаев
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Kyialbek.a
2016-09-05 10:51:50
Добушту бизда бере алабызбы?Кантип?
+1
Baian
2016-09-05 11:18:38
Урматтуу Супер инфо сураныч голосованиенин ссылкасын калтырып койгулачы.Анан суроо кун сайын добуш берсек болобу же бир гана жолубу?Ушулар тууралуу кобуроок маалымат берип коюнуздарчы.
+4
incognito1
2016-09-05 11:54:18
Биз добуш бере албайт болушубуз керек, сотовый оператор жок. Бирок Казахстан, Россияда жашаган мекендештерибиз берсе болот.
0
Sara07
2016-09-05 12:14:21
Кыргызстандагылар добуш бере алышпайт экен
-1
Baian
2016-09-05 12:17:52
Бекер дагы эмес экен)))
-4
Biinura
2016-09-05 12:35:25
Baian,бекер болбосо да мекендешибизге колдоо корсотуу деген жери бар да))).
+4
travma
2016-09-05 12:18:26
Молодец аккан арыктан суу агат! Атан Кыргыз Элин дуйного таныткан эми сенин убактын Келди Азаматсын.
+6
Biinura
2016-09-05 12:34:04
Орусияда жашаган мекендештер кантип добуш берсек болот?
+2
aikol87
2016-09-05 12:44:38
Добуш берип келдим,колдоп койолу талантту балабызды.4орунда кетип атыптыр добуш боюнча.
+4
joysin777
2016-09-05 23:51:53
aikol87,кандайча кантип добуш бердин жазып койчу
0
nazgul.elhan
2016-09-05 12:47:29
Россияда башкаларга караганда кыргыздар коппуз го. Добуш бергиле.
+1
salihalady
2016-09-05 13:50:52
Россиядагы мекендештер,Нурсултанды колдоп добуш берип койунуздар!
+1
s9zen098
2016-09-05 13:59:05
Кантип добуш берсе болот экен.
+1
Zainka
2016-09-05 14:20:00
s9zen098, мен ссылкасын жазып койсом эле админдер очуруп койуп жатат. Ал сайттын курамы деле супердикине окшош эмес. Колдоо корсоткондун ордуна кайра бут тосушат. Каалагандар купуяага жазсанар жазып жиберем.
+6
M89
2016-09-05 14:36:10
Наивысший балл в оценке выступления конкурсантов – 11 баллов.

Результаты голосования жюри:

Саша Захарик (Беларусь) — 135

Констанин Работов (Болгария) – 134

Алиса Данелия (Грузия) — 135

Георгий Надибаидзе (Грузия) – 139

Walter Ricci (Италия) — 142

Дуэт «Сарын» (Казахстан) — 131

Нурсултан Азыкбаев (Кыргызстан) — 142

Эн коп биздики анан Италия экен урааааааааааааааааааааааааааааааа
0
Zainka
2016-09-05 14:46:47
M89,Галина Безрук (Украина) -143деп турат го. Биздики 2-орунда Италия менен.
+1
nurka_85
2016-09-05 16:07:47
Ийгилик!!!
Ийгилик!!!
Ийгилик!!!
+1
Aly.96
2016-09-05 16:36:50
Азамат
Алга кыргыз
+1
zarlyk2211
2016-09-06 07:42:28
Россиядагы мекендештер добуш берип Нурсултан Азыкбаевди колдойлу. Смс баасы 50 рубьл эле экен. Бир номерден 10 жолу добуш берүүгө болот. Кыргыздын желеги желбиресин десек добушубузду аябайлы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан