Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери С.М. жана аймактык инспектор О.Н. Сайлык айылынын Т.Э. аттуу тургунун кыйноого алышып, уурулук боюнча кылмышты мойнуна алдыруу аракетин көрүшкөн. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында Т.Энин денесине зыян келтирилгени аныкталган. Мындан улам “кыйноо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.