Кыргыз-казак чек арасынан башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракеттенген Кыргыз өлкөсүнүн жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 4-сентябрда 1999-жылы туулган С.У. аттуу кыргыз жараны “Ак-Жол унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайынан башка адамдын паспорту менен кармалган. Кармалган жаран өзүнүн паспорту жок болгондугуна байланыштуу чек арадан досунун паспорту менен өтүүгө аракеттенгенин билдирген. Тиешелүү документтер толтурулуп, ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.