Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 33 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 13, Ысык-Көл облусунда 4, Талас облусу 1, Жалал-Абад облусунда 4, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 3, Ош шаарында 3, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы болгон.
Талас шаарында өрт кырсыгы катталды. Анда Маяковский көчөсүндөгү ачык аянтта жыйылган 15 тонна чөп, 5 чарчы метр кампанын жыгач шыбы күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна жаш балдардын от менен ойногону себеп болгон.