Тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам өрт чыгып, эки адам каза тапты

Тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам өрт чыгып, эки адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-сентябрь күнү Токмок шаарынын Горький көчөсүндөгү 182-үйдө өрт чыккан. Анда уктоочу бөлмөдөгү төшөнчүлөр, диван күйгөн. Анын кесепетинен үй ээси 1947-жылы туулган Рахманжан Махмудов түтүнгө ууланып каза тапкан.

Ошол эле күнү Кара-Суу районунун Киров айылында да өрт болуп, турак үйдүн 2 чарчы метр полу, 2 төшөк күйгөн. Өрт чыккан жерден үй ээси 1950-жылы туулган Балтабай Мамытовдун жансыз денеси табылган.

Жогорудагы эки өрт кырсыгынын келип чыгуусуна тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
incognito1
2016-09-05 16:45:23
Уйдун ичинде дагы тамеки чегип болобу. Ужас. Жаткан жерлери жайлуу болсун. (
0
Mekush87
2016-09-05 17:47:21
Мас болсо керек да
0
Mekush87
2016-09-05 17:46:35
Жаткан жерлери жайлуу болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан