Бүгүн, 5-сентябрда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасындагы түркмөн күрөшү, азербайжан күрөшү жана улуттук салбуурун боюнча медаль ээлери аныкталды. Мелдештер Чолпон-Ата шаарындагы Ден соолукту чыңдоо борборунда жана Кырчын жайлоосунда өтүп жатат.
Жыйынтыгында кыргыз спортчулары бул күнү жалпысынан 10 медалды багындырышты. Бир гана салмакта өткөрүлгөн түркмөн күрөшүнөн 1 күмүш медаль, азербайжан күрөшүнөн 2 күмүш, 2 коло медаль спортчуларыбыздын энчисине жазылды. Ошондой эле салбуурунчуларга ийгилик жылмайып, алар 2 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медаль тагынышты.
Медалдардын көрсөткүчү боюнча азырынча Орусия алдыда келүүдө (командалык жарыштарда биринчи кезекте жалпы медалдардын санына эмес, алтын медалдардын санына маани берилет).
1. Орусия - 15 медаль (10 алтын, 2 күмүш, 3 коло)
2. Азербайжан - 12 медаль (4 алтын, 4 күмүш, 4 коло)
3. Казакстан - 11 медаль (4 алтын, 3 күмүш, 4 коло)
4. Кыргыз Республикасы - 24 медаль (3 алтын, 8 күмүш, 13 коло)
5. Иран - 5 медаль (2 алтын, 3 коло)
6. Грузия - 3 медаль (2 алтын, 1 күмүш)