Ооганстандын Кабул шаарында эки жан кечти өзүн жардырып, 30га жакын адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жергиликтүү полицияга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя 6-сентябрь күнү Коргоо министрлигинин имаратынын жанында болгон. Анда алгач бир жан кечти өзүн жардырып жиберген. Кийин ал жерге эл чогулган кезде экинчи жан кечти өзүн жардырган. Мунун кесепетинен 30га жакын адам каза болуп, 90дон ашык адам жабыркаган. Каза болгондордун арасында бир аскер генералы жана эки полиция офицери бар. Эки жардыруу боюнча жоопкерчиликти "Талибан" кыймылы өз мойнуна алган.