Учурда Нурсултан Азыкбаев онлайн добуш берүүдө 162 упай менен биринчи орунда бара жатат

Орусиядагы "Жаңы толкун" сынагында өлкөнүн намысын коргоп жаткан жаш ырчы Нурсултан Азыкбаев учурда көрүүчүлөрдүн берген добушу боюнча биринчи орунда бара жатат. Биринчи күндүн жыйынтыгында калыстардын берген добушу менен Нурсултан Азыкбаев жогорку упай алган эле.

Ал эми "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү" наамына онлайн добуш берүүдө учурда мекендешибиз 162 упай менен биринчи орунда бара жатат. Экинчи орунда 142 упай менен грузиялык Алиса Данелия, украиналык Галина Безрук 107 упай менен үчүнчү орунда. Онлайн добуш берүү болгондуктан, упайлар алмашышы мүмкүн.

Мекендешибизди колдоо максатында 2325 номерине NW09 сөзүн жазып, SMS билдирүү жиберсеңиздер болот. Бир билдирүүнүн баасы 100 сом. Ошондой эле Орусияда жашаган мекендештерибиз 2325 номерине, Украинадагылар 8385, Беларусь, Казакстандагылар 2090 номерлерине Нурсултан Азыкбаевдин NW09 код номерин жазып добуш бере алышат. Эгер сиз Латвия, Литва, Эстония өлкөсүндө болсоңуз, 1896 кыска номерине SMS билдирүү жөнөтөсүз. Ушундай эле ыкма менен Болгариядагылар 1644, Грузияда жашаган мекендештер 93933, Хорватиядагылар 860860 номерине NW09 сөзүн жазып, добуш бере алышат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 6-сентябрда сынактын экинчи күнү орусиялык композитор, продюсер Виктор Дробыштын чыгармачылыгына арналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
sezim_osmonalieva111
2016-09-06 12:22:59
Кыргызстандагылар добуш бере албайбыз гоо))Башка мамлекеттердегилер колдоп койгула,кыргыздын желегин желбиретели
+1
tekebaeva.Arzu
2016-09-06 12:42:19
sezim_osmonalieva111,ошол кантир?
-2
ERCHOROEV
2016-09-06 15:00:08
sezim_osmonalieva111, башынан окуп чыгып Кыргызстандагылар болбойтгоооо дебей. Сиз биринчи 100сомду салып жонотуп корун ушундай эле болот.
-1
Shat.88
2016-09-06 12:49:40
Ооо азамат, бугун канчада кайсы каналдан корууго болот билсенер ком калтырып койгулачы
0
Riokyrgyz
2016-09-06 12:56:16
Гуглдан издесенер.годосовать за деп атын жазып туруп.анан чыгат.чет жердегилер.болгону 50 рубль.за то биринчи орун .жаны толкунду женсе кадырыбыз да которулот
+1
aikol87
2016-09-06 13:10:32
Голосовать деген жерде неге Кыргызстан мегаком, Билайн,О! Деп туратго болоттур.
+2
zolotay
2016-09-06 13:13:30
2325 кыска номуруна NW09 деген билдируу жиберсенер болот!!!
+2
Azizbek.kg8
2016-09-06 13:57:27
Ураа мен добуш бердим Алгаа.
+7
SeN_Sulusun
2016-09-06 14:27:08
165 деп турат
-1
Darin
2016-09-06 14:27:31
Мына азыр суперден чыгып эле добуш берем. Алга Кыргызстан!!!
+3
ERCHOROEV
2016-09-06 14:51:00
Айланайындар шашылбай бир чекеден жакшылап окусанар. Тушунуп тушунбой эле патриот боло бербей. Кыргызстанда туруп деле добуш берсе болот. Баасы 100сом деп туратко. Конулу жоктун 100сом айяганы курусун болуп болбойт дей беэербесенер
+2
ABAkg86
2016-09-06 15:34:44
Жоноттум бир добуш. 2325ке NW09 жиберсен кайра смс келет. Для подтверждение деп кайра 2 цифрасын сурайт
+4
Aziyat
2016-09-06 17:25:13
Москвадан эки голос катар бердим.Ийгилик сага Нурсултан!!!
+5
Aziyat
2016-09-06 17:34:15
Голостордун тизмесин кайсыл жерден корсок болот экен,ким билет?
+1
Aruna25
2016-09-07 01:03:12
Орусия алдыга чыгып кетти
0
Samat1992SM
2016-09-07 01:13:04
Кыргызстандыктар добуш бере алышат.
0
mahbu.kg
2016-09-07 06:50:34
аныкталдыбы ким биринчини алганы??
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан