Аламүдүн районунда унаа сууга түшүп кетип, жүргүнчүсү дайынсыз болууда

Чүй облусунун Аламүдүн районунда унаа сууга түшүп кетип, жүргүнчүсү дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 5-сентябрда саат 08:00 чамасында “Теплые ключи” эс алуу жайындагы Аламүдүн суусуна Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Окуя болгон жерге барган "Тез жардам" кызматы айдоочуну ооруканага жеткирген, бирок абалы жакшы болгондуктан, ал ооруканада калуудан баш тарткан. Маалыматка караганда, унаада айдоочудан башка 1 кыз болгон. ӨКМнын 1-өрт куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жоголгон кызды издөө иштерин жүргүзүшкөнү менен, натыйжасыз болууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Seryi-Kardinal
2016-09-06 10:32:35
iw kylaly dep barywkan okwoit
+1
mambo-1984
2016-09-06 11:24:50
Танатпай одуши эс алайын дешкенго
+1
incognito1
2016-09-06 13:34:33
Озу жамандын ою жаман болбогулачы. Ал жакта эс алуучу жерлер толтура.12 каминов и.т.д. Балким жумушка кетип бараткандыр. Ал жактын жолун жаны жасап коюптур. Каттуу ылдамдыкта айдагандыр мумкун. Эки кун мурун пикнике чыккан элек, уй булообуз менен. Эми далай кырсык болот болуш керек дедим эле жолдошума. Айдоочулар абайлагылачы, сураныч. Рульга олтурганда, озунордун гана эмес, жургунчунун дагы омуруно жооп береринерди утунпасанар. Салондо жалгыз болсонор, отунор жарылып хоть 250км/ч айдай бергиле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан