Борбор калаанын Свердлов районунда айдоочу унаасы менен Чоң Чүй каналына түшүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-сентябрда саат 20:30 чамасында Школьная көчөсүндө Чоң Чүй каналына Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып, бирок айдоочу жабыркабагандыктан, куткаруу иштери жүргүзүлгөн эмес.