Ысык-Ата районунда 26 жаштагы жаран уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 23-август күнү Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө Кант шаарынын 52 жаштагы Ф.М. аттуу тургуну кайрылып, белгисиз адам үйүндөгү тиричилик техникаларын уурдап кеткенин билдирген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 26 жаштагы М.А. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.