Бишкектин чет жакасында эл аралык террордук уюмдун мүчөсү жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 29-август күнү УКМК кызматкерлери Бишкектин чет жакасында атайын операция жүргүзүп, эл аралык террордук уюмдун жашыруун жайы аныкталган. Анда 1977-жылы туулган А.Х. куралдуу каршылык көрсөткөн. Атышууда ал жок кылынган. Жанынан жасалма жарылуучу зат,
ок-дарылар, ок атуучу курал алынган.
Учурда УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.