Бишкектеги Кытай элчилигинде өзүн жардырган жарандын өздүгү такталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда жергиликтүү маалымат каражаттары өздүк булактарына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, жардырууну 1995-жылы Тажикстандын Колхозабад айылында туулган Фирдавс Бобожонов уюштурган. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, аталган жаран 16-июнь күнү Ош шаарына Стамбул-Ош каттамы менен учуп келип, андан соң Бишкекке келген. Ал бардык жерден өзүн Алибек Кочкоров деп тааныштырып жүргөн.
Иликтөө иштеринин алкагында элчиликтин алдынан S9417Q мамлекеттик номурундагы көк түстөгү Mitsubishi Delica үлгүсүндөгү унаа жарылганы аныкталган. Унаа Токмок шаарынын 1977-жылы туулган Б.Г. аттуу тургунуна катталган. Сурак учурунда Б.Г. аттуу аял унаа И.Ш. аттуу инисине таандык экенин билдирген. Ал эми И.Ш. 2016-жылдын 10-июлунда унаа базарларынын биринен унааны таш-көмүрлүк Алибек Кочкоров аттуу жаранга сатканын айткан.
Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ал маалымат так эмес экенин, учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.