ЭЛДИК ВИДЕО: "Жаңы толкун" сынагында Филипп Киркоров ыңгайсыз абалга кабылды

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Жаңы толкун" долбоорунда Филипп Киркоров уят эле болуп калды" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Sezim_akjol).

Орусиянын Сочи шаарындагы "Жаңы толкун" сынагы кызыктуу окуялар менен уланууда. "New Wave Hall" концерттик залында ырчы Филипп Киркоров техникалык катачылыктардан улам ыңгайсыз абалга кабылган. Ырчы "Биз "Жаңы толкун" сынагында жандуу үн менен ырдайбыз. Келгиле, бул ирет репетиция болуп жатат деп кабыл алабыз" деп кырдаалдан чыгууга аракет кылган. Бирок экинчи ирет да ошол эле көрүнүш кайталанат, Киркоров үчүнчү ырын ырдоонун ордуна сахна артына өтүп кетет...

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
alibekova94
2016-09-06 18:03:29
Техникадан ката кетсе Киркоров неге уят болсун, кызык элесинер адамдар...
+4
Palan4a
2016-09-06 18:25:50
Причем тут Киркоров?! Техниканын айбы болдуго?…
Т.Назаровко окшоп "микрофону" колунан тушуп кетпеди. Он колдон сол колго, сол колдон он колго алып ойноп ырдап аткандай..
+2
take19
2016-09-06 18:54:59
ырдай албай атса уят болгону ошо да. фонограмма менен ырдап конгон да.
-3
Zvezda88
2016-09-06 22:06:05
Ммм Киркоровдун жоруктары жолдо эле калсын. Кайсынысын айталы эми. Дагы жакшы журналисти соккондой баарын сокпой сахнага кирип кетиптир.
+1
portugalia
2016-09-07 07:29:27
Фонограмма менен ырдаса далай жолу уят болушат го.
+1
KYRGYZJERI
2016-09-07 17:51:56
Филлип уят болгон жок, бул техникалык жактан кетип жататко.
Эл кол чаап колдоп атпайбы.
Киркоров кучтуу артист, эч ким сындыра албайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан