Москвада кыргыз жана тажик жараны зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жергиликтүү полицияга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Алардын маалыматына караганда, окуя 5-сентябрь күнү Чоң Предтеченский тар көчөсүндөгү чиркөөнүн жанында болгон. Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери келип, кылмышка шектүү катары кыргыз жана тажик жаранын кармашкан. Алар сурак учурунда кылган кылмыштарын моюндарына алышкан. Ошондой эле окуя болгон жерден аялдын сумкасы жана кийимдери табылган, бирок зордуктоо боюнча эч ким полицияга кайрылган эмес.