ЭЛДИК КАБАР: Ноокат районунун Айбек айылында башкы жол жөө адамдарга ылайыкталган эмес

Ноокат районунун Айбек айылында башкы жол жөө адамдарга ылайыкталган эмес. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

Бул жол өтө кооптуу. Балдарыбызды мектепке, бала бакчага араң алып барабыз. Унаалар катуу ылдамдыкта өтүшөт. Жөө адамдар өтүүчү тротуар жок. Анын кесепетинен көптөгөн кырсыктар болот. Ушуга бийлик өкүлдөрү көңүл буруп коюшса”, - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
nuriyaeljan
2016-09-07 09:22:34
Койгулачы э кочонордо лежачий полиция толуп кеткенго маанисиз эле кое бергенсинер озу да бийиик бийик зорго отосун
-1
nuriyaeljan
2016-09-07 09:23:54
Ар 400метрге коюлган аягына чейин 10дон ашык жылып эми куулонуп кайра токтойсун
+1
Urmat_83
2016-09-07 09:26:11
Тротуар койгудай шаар беле.Айылдын баарында эле жок тротуар.Дагы жакшы жолу асфальт экен.Башка айылдарда чаны асманга чыгып атпайбы жолдун
-1
aziziko
2016-09-07 15:53:58
Urmat_83, Айылдарга тротуар койсо болбойбу ?
+1
Uli6886
2016-09-07 09:28:03
Озунор, уйунорду жолго чыгарып салып алыпсынарда анан кабарлап койосунарда! Жолго деп кенири места берилетда аны силер коргон кылып тосуп аласынар
0
expert.007
2016-09-07 09:29:56
Эң сонун жолуңар бар баары асфальт. Кудайга шүгүр дебейсиңерби
-1
nuriyaeljan
2016-09-07 09:34:39
Башкы жол эмес айылдын ичиндеги эле жол трасса болсо бир жое
0
erjmax21
2016-09-07 09:34:42
жакында алтын кылып бер дейт. кочонорду озбекче кылып алсанар ошондой болот. кыргызча эле курбайсынарбы заборду жолго жабыштырбай бул жерде озунордо куноо экен. тундукто мындай жол эмес
туртулгон жолго зар болгон жерлер бар.
0
otin
2016-09-07 09:56:58
Во асфальтго жолдорунар кудайга шугур дегиле
0
Donchik09
2016-09-07 10:20:34
Шаардале тротуар койулат деп ким айтты койулуш керек жоо жургунчу машина келатса бак дарака бекинип турабы.
0
Alixan-Nookat.2015
2016-09-07 11:45:47
Уйлордун жанындагы бактарды кыйып жоо журуучулорго жол салыш керек бир эле жолу ушул же уйунорду бузуп артка жылдыргыла ошондо коопсуз болот балдарга биз кыргыздар 1 метр жерден кызганып тосо беребиз
+1
daniyar84
2016-09-07 12:27:17
Адам баса турган жерге тал терек эгип алсанар пешаход жок болот да анан.
0
Tariel_tt
2016-09-07 13:16:22
Ээ айбектин кочосу сонун болуп калыптыр.
0
admin_portal
2016-09-07 14:15:31
Anara95, улуттар аралык түшүнбөстүк жаратуучу билдирүүлөрдөн алыс болууну сунуштайбыз!
0
aziziko
2016-09-07 15:56:15
Ушул айылда эки эле чал бар калган эркектин баары Россияга кетишкен деп Азаттыктан корсоткон
0
dastan_2016
2016-09-12 16:25:50
Чындыгында тротуар койбосо болбойт окуучуларга кыйын мен коп отом алжерден
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан