Кечээ, 6-сентябрда "Жаңы толкун" сынагынын катышуучулары калыстар тобуна белгилүү ырчылар менен дуэт чыгармаларын тартуулашты. Кече орусиялык композитор, продюсер Виктор Дробыштын чыгармачылыгына арналып, анда орус шоу дүйнөсүндөгү белгилүү ырчылар ырдашты.
Сынакта Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышып жаткан Нурсултан Азыкбаев мурун айтылгандай Григорий Лепс менен эмес, ырчы кыз Ромади менен "Девочка на шаре" чыгармасын дуэт аткарды. Ырчынын менеджери Иззат Молтоевдин айтымында, Григорий Лепстин тыгыз графигинен улам Нурсултан менен ырдабай калган. Калыстардын берген добушу боюнча мекендешибиз жалпы 276 упай алып, экинчи күндүн жыйынтыгы боюнча бешинчи орунду ээлеген. Ал эми эң жогорку 286 упайды украиналык ырчы Галина Безрук алган.
"Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү" наамына онлайн добуш берүүдө учурда мекендешибиз 608 упай менен үчүнчү орунда бара жатат. Биринчи орунда 838 упай менен орусиялык Ясения, ал эми экинчи орунда грузиялык 622 упай менен Алиса Данелия турат. Онлайн добуш берүү болгондуктан, орундар өзгөрүшү мүмкүн.
Мекендешибизди колдоо максатында 2325 номерине NW09 сөзүн жазып, SMS билдирүү жиберсеңиздер болот. Бир билдирүүнүн баасы 100 сом. Ошондой эле Орусияда жашаган мекендештерибиз 2325 номерине, Украинадагылар 8385, Беларусь, Казакстандагылар 2090 номерлерине Нурсултан Азыкбаевдин NW09 код номерин жазып добуш бере алышат. Эгер сиз Латвия, Литва, Эстония өлкөсүндө болсоңуз, 1896 кыска номерине SMS билдирүү жөнөтөсүз. Ушундай эле ыкма менен Болгариядагылар 1644, Грузияда жашаган мекендештер 93933, Хорватиядагылар 860860 номерине NW09 сөзүн жазып, добуш бере алышат.