II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: 13 алтын медаль тагынган кыргыз спортчулары Орусияны артка таштап, сап башына чыгышты

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 6-сентябрда кыргыз күрөшүнөн медалдар ойнотулду. Анда кыргыз спортчулары атаандаштарга кенедей да мүмкүнчүлүк калтырбай, бардык салмактарда алтын медалдарды тагынышты.

Жыйынтыгында кыргыз спортчулары буга чейин сап башында келе жаткан Орусияны артка таштап, 1-орунду ээлеп турат.

Кыргыз күрөшү боюнча 7 комплект медаль ойнотулуп, ага 26 мамлекеттин 96 балбаны катышкан. Балбандарыбыз Тынчтыкбек уулу Бекзат (55 килограмм салмакта), Сымбатбек Алимбеков (60 кг), Зиямидин Шадыбеков (66 кг), Тариэл Үсөнов (74 кг), Бектурган Кожомуратов (84 кг), Нурбек Кожобеков (96 кг) жана Бекболсун Кушубаков (96 килограммдан жогорку салмак) алтын медалдарды тагынышты.

Командалар жана медалдар боюнча ээлеген орундары:

1. Кыргыз Республикасы — 40 медаль (13 алтын, 12 күмүш, 15 коло)

2. Орусия — 21 медаль (10 алтын, 5 күмүш, 6 коло)

3. Казакстан — 18 медаль (5 алтын, 6 күмүш, 7 коло)

4. Азербайжан — 9 медаль (3 алтын, 3 күмүш, 3 коло)

5. Грузия — 3 медаль (2 алтын, 1 күмүш)

6. Иран — 6 медаль (2 алтын, 4 коло)

7. Тажикстан — 4 медаль (1 алтын, 1 күмүш, 2 коло)

8. Өзбекстан — 6 медаль (2 күмүш, 4 коло)

9. Армения — 3 медаль (2 күмүш, 1 коло)

10. АКШ — 3 медаль (2 күмүш, 1 коло).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
nurka_85
2016-09-07 11:44:20
Куттуктайм азаматтар!!!
-1
USSRKG
2016-09-07 12:47:37
озубуздо эчнерсе эмес женсек кийинкиде Казакстанда же Туркияда отсо ошол жерде Медалдар боюнча бирди алсак чоон жеениш болот.
0
Guli000
2016-09-07 13:27:41
Кандай Соонун жакшы кабар Кыргыздарыбыз РИО.дон албай келгенине аябай тырышып оздорун 1 Дуйного тааныталы дегенго Азаматсынар куттуктайм!
-1
ilyaz2110
2016-09-07 13:43:33
Азаматсынар Алга Кыргызстан
-1
erlist
2016-09-07 13:56:46
Самый главный улактан бирди алыш керек жигиттер алгаа
-1
maks13
2016-09-07 14:23:21
Кок бору финалы качан болот билгендер айтып койгулачы
-1
Riman.arn
2016-09-07 14:26:35
оюн кайсы олкодо болсо ошол баарибир утат
-1
Karysh
2016-09-07 14:39:52
РИОдо эмнеге мындай болбой калды деген ой келет да
0
gul3ina
2016-09-07 14:46:57
РИОдон да ушундай утсанар сонун болмок да
+1
sharolli
2016-09-07 15:04:22
Биздин кыргызыстан Олимпиададагы Американын ордунда кетип атат го 2 эсе коп медал менен
-1
Kainar20
2016-09-07 16:44:15
менин созумду умутуп калсанар керек Риодо биздикилер медал албай калганда мен дал ушул созду жазгам.ЕЕЕ булар кыргыздын ким екенин билбей журотта Кочмондор оюну башталсынчы биз медал боюнча сап башында турабыз деп жазгам башында еле билгем биздикилер женерине
0
kg-bala87
2016-09-07 17:23:16
Алга Кыргызстан
0
Danel
2016-09-07 18:36:18
Буйурса Алыш курошунонда 7 алтын тагабыз!
0
elmurat.kg
2016-09-07 23:20:03
Кыргызстан Россия как Риодогу АКШ Британия болуштуго командалык эсепте
0
Kroxa
2016-09-08 00:19:38
Болсун болсун,,конокторду сыйлап берип журуп буттук го калыстык болсо оз кучу менен медаль тагынып жатышса кандай болбосун буюрсун жакшы мына Кыргыздарга ийгилик...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан