Оштогу аскер бөлүктөрүнүн биринде болгон мушташта ефрейтор (катардагы жоокерге берилүүчү биринчи аскердик наам) каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 6-сентябрь күнү саат 19:00 чамасында 01525-аскер бөлүгүндө болгон. Анда кызматын өтөп жаткан жоокерлердин ортосунда мушташ чыгып, анын кесепетинен ефрейтор Эламан Ташбалта уулу жабыркап, ооруканага жеткирилген. Бирок аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Учурда ишти Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасы карап жатат.