Чаткал дарыясына түшүп кеткен унаанын айдоочусу табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 6-сентябрь күнү саат 06:00 чамасында Ала-Бука-Каныш-Кыя-Жаңы-Базар унаа жолунун 101-чакырымында болгон. Анда Кызыл-Бел тилкесинде Мицубиси Делика унаасы Чаткал дарыясына түшүп кеткен. Унаанын ичинде айдоочудан тышкары бир жүргүнчү болгон. Ал өз алдынча чыгып кеткен. Ал эми айдоочу 1980-жылы туулган Б.А. суудан чыга албай калган. Учурда ал адамды издөө иштери жүрүп жатат.
Айта кетсек, кечээ окурман SUPER.KGпорталына WhatsApp аркылуу кайрылып, Чаткал дарыясына жеңил унаа түшүп кеткенин билдирген эле.