Бишкекте Чүй районунун тургуну баңгизат менен кармалды

Бишкекте Чүй районунун тургуну баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Бишкек ШИИББинин маалыматында: “6-сентябрь күнү Чүй районунун 44 жаштагы Ш.М. аттуу тургуну жашаган үй текшерүүгө алынган. Анда сарайдын ичинен гезитке оролгон кочкул күрөң түстөгү, өзгөчө жыты бар зат табылган. Экспертизанын жыйынтыгында табылган зат марихуана экени аныкталган. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан