Украиналык мушкер Владимир Кличко учурдагы Дүйнө чемпиону Тайсон Фьюри менен октябрь айында беттешет

Украиналык мушкер Владимир Кличко менен Дүйнө чемпиону, британиялык Тайсон Фьюринин ортосундагы экинчи беттеш 29-октябрда орун алат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт. Маалыматка ылайык, беттеш Англиянын Манчестер шаарында болот.

Буга чейин мушкерлер 9-июлда беттешүү тууралуу макулдашышкан. Бирок Фьюри жаракат алып калып, 6-7 апта рингге чыга албасын билдирген.

Кошумчалай кетсек, бул эки мушкер экинчи ирет беттешүү алдында турат. Алгачкы беттеш 2015-жылы ноябрда орун алып, анда британиялык мушкер жеңишке жетишкен. Кличко анда WBA Super, IBF, WBO жана IBO версиялары боюнча чемпиондук наамдарынан кол жууп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
erlist
2016-09-07 16:59:32
Матч реванш деген туура болот болуш керек экинчи беттеш дегенге караганда
0
doki88
2016-09-07 18:46:19
Кличко утуш керек
0
Atobrend05
2016-09-07 19:35:31
Кличко чарчады уже,Тайсон вперёд.
0
Nur1k
2016-09-07 20:13:30
Барып жон эле мушташ Кличко. Сенин да ашадай суйлоп койгон жайын бар эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан