Бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде "Паула Модерзон-Беккер жана ворпсведелик сүрөтчүлөр" аталышындагы 1895-1906-жылдарга таандык сүрөттөр менен гравюралар көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөнү Казакстандын Гёте институту жана Кыргыз өлкөсүндөгү Германия Федеративдүү Республикасынын элчилиги уюштурган. Көргөзмөгө XIX-XX кылымдардагы немис көркөм өнөр тарыхындагы эң маанилүү эмгектердин бири болуп саналган немис сүрөтчү аялы Пауло Модерзон-Беккер жана анын ворпсведелик кесиптештеринин сүрөттөрү менен гравюралары коюлган.
Маалыматтарга караганда, 1880-жылдардын соңунда бир нече жаш сүрөтчүлөр Германиядагы Бремен шаарына жакын жердеги Ворпсведе деген айылга жайланышып, сүрөтчүлөр бирикмесин түзүшкөн. Алар өз чыгармаларында аталган айылдын таза, кооз жаратылышы менен айыл тургундарын, алардын патриалдык жашоо салтын чагылдырышкан.
Көргөзмө 28-сентябрга чейин уланат.