Ысык-Ата районунда унаанын терезесин сындырып качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 25 жаштагы Кант шаарынын тургуну кайрылып, белгисиз адам жеңил унаасынын арткы терезесин сындырып кеткенин айткан. Бул боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, анын негизинде кылмышка шектүү катары 29 жаштагы К.И. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, үстүнөн “ээн баштык” боюнча кылмыш иши козголду.