Ош шаарында 60 жаштагы тургундун үйү текшерүүгө алынып, 18 килограммдан ашык баңгизат табылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, укук коргоо органдары тарабынан Ош шаарынын 60 жаштагы тургуну кармалган. Ал баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү боюнча айыпталып жатат. Анын турак үйүн текшерүүгө алган учурда 5 килограмм 290 грамм героин жана 12 килограмм 846 грамм апийим табылган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран камакка алынды. Тергөө амалдары жүрүп жатат.