SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Жаңы толкун". Галина Безрук, "Think" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник. Grey).
Орусиянын Сочи шаарында өтүп жаткан "Жаңы толкун" сынагында ар өлкөдөн келген 16 катышуучу талантын көрсөтүп, биринчилик үчүн ат салышууда. Алардын арасынан кош бойлуу экенине карабай сынакка катышып, алдынкы орунда бара жаткан украиналык актриса, ырчы Галина Безрук да бар. Сынактын биринчи күнү болгон "Кино күнүндө" Безрук "Think" аттуу чыгарманы аткарып, калыстар тобунун алкышына жана эң жогорку 143 упайга ээ болгон. Сынактын экинчи күнүндө Интарс Бусулис менен "Поздно" ырын дуэт аткарып, 143 упай алган. Жалпы 286 упай менен учурда Безрук биринчи орунда турат.
Белгилей кетсек, аталган сынакка Кыргыз өлкөсүнүн атынан Нурсултан Азыкбаев катышууда. Жалпы упайлар боюнча мекендешибиз 5-орунда турат. Ал эми бүгүн, 8-сентябрда сынактын үчүнчү күнү өтөт. Сынак 10-сентябрда жыйынтыкталып, жеңүүчү аныкталат.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.