Ала-Тоо жаңы конушунда 1 жашар бала ажаткана үчүн казылган чуңкурга түшүп каза болду

Бишкектеги Ала-Тоо жаңы конушунда 1 жашар бала ажаткана үчүн казылган чуңкурга түшүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 7-сентябрь күнү саат 16:05 чамасында Ала-Тоо жаңы конушунун Арча-Гүл көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринде болгон. Анда 1 жашар бала ажаткана үчүн казылган чуңкурга түшүп кеткен. Ал жерге Куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып, наристенин жансыз денесин чыгарып, ата-энесине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
sherzatik
2016-09-08 11:15:36
Өкүнүчтүү,жаш наристе эч нерсе көрбөй кете берди. Ата-энесинин шалаакылыгы(((жайлуу болсун!
+2
aiba_00
2016-09-08 11:24:49
Ииий кудай ай, жаман болуптур, оокат оокат дейбиз, тигини жасап ийейин муну бутуруп салайын деп, биринчи орунда балдарыбызды жакшы карайлы ата-энелер, баланын куйуту деле жаман болуп атса керек байкуш энеге.
+3
altyn2015
2016-09-08 11:34:50
Оооой кандай жаман!
+2
Nurkyz1977
2016-09-08 11:54:00
Мындай журок ооруткан кабарды чыгарбай эле койгулачы. Баланын жамандыгын ата энеге корсотпосун.
+6
Sirduusezim
2016-09-08 12:59:36
Nurkyz1977, туура чыгарбагылачы сураныч. Кудай озун сактай корчу наристелерди.
+5
Rifle_S
2016-09-08 12:16:01
1.8 жаш бала бизге келди. Үйүндө эски туалеттин дубалы басып калган экен. Көк боору, сол бөйрөгү жарылып кеткен экен. Операцияга жетпей калды. Бул нерсени да эске алып койгула урматтуу окурмандар. Эски бузула турган курулуштарды жок кылгыла.
+9
alaichik
2016-09-08 12:42:54
Сабыр
0
Aibek.nur.8597
2016-09-08 13:54:50
Ух журогум кудай ай сабр берсин Ата енесине
0
Kroxa
2016-09-08 14:01:39
КАрашпайбы ата энеси кайда??дейбиз бирок АЖАЛЫ ЖЕТСЕ КУДАЙ АЛЧУСУН АЛАТ ДА!!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан