Биз социалдык тармакта

Нарында жеңил унаа менен жүргүнчүлөрдү ташыган автобус сүзүшүп, эки адам каза болду

Нарын районунда жеңил унаа менен жүргүнчүлөрдү ташыган автобус сүзүшүп, эки адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

“Кырсык 8-сентябрга караган түнү Бишкек-Торугарт унаа жолунун 515-чакырымында болгон. Анда Тойота Хайлендер үлгүсүндөгү унаа менен жүргүнчүлөрдү ташыган автобус сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил унаанын 1963-жылы туулган У.А. аттуу жүргүнчүсү жана 1986-жылы туулган А.У. аттуу айдоочусу каза болушкан. Ал эми автобустун ичиндеги 2006-жылы туулган жүргүнчү жеңил жаракат алып, Нарын шаардык ооруканасына жеткирилген”, - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Bema50000
2016-09-08 12:24:50
Каяка шашып айдайсынар айланайындар.
+2
KaiMak
2016-09-08 12:29:40
Кырсык экен да...
0
Sirduusezim
2016-09-08 12:49:26
Кудайдын буйругуда, жайлары жанаттан болсун. Бирок жолго чыгып баратканда апанардан дуа алып чыккыла же озунор чындилден акжол тиленгиле!
+2
Aibek.nur.8597
2016-09-08 13:42:54
Тез жеттем деп ойлошот да .катту айдасан да секин айдасан да Ошо Жака барасын шашпагылачы айланайындар кудай сактасын еми жайлары жннаттан болсун
+1
Kroxa
2016-09-08 13:58:37
Кундо авария болуп бирден экиден каза болуп деген кабар,,,акыр заман болоордо озунон озу кырылып жок болот деген ушу...
0
ooki8888
2016-09-08 18:30:29
Бул кырсык менин аталаш бир тууганымдын омурун алып кетти. Ал болгону отуз кана жашка толгон. Аттин ай... Мыкты жигит эле! Ата-энесине, ага бир туугандарыма, чын журоктон конул айтам...
0
Baatur7777
2016-09-08 20:43:30
ooki8888, жакынын жоготуу кыйын,арты жакшылык болсун!
0
guard
2016-09-08 19:18:24
К.А, М.А, К.С. дебей эле аттарын толук эле жазгылачы, же болбосо таптакыр эле жазбай эле койгула да...
+1
Riokyrgyz
2016-09-08 21:16:35
Бир жумада эле авариядан каечк адам каза болуп жатат.бара бара тан калбай деле калат окшойбуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан