7-сентябрда Рио-де-Жанейро шаарындагы "Маракана" стадионунда Паралимпиада оюндары старт алды. 18-сентябрда жыйынтыктала турган мелдеш алкагында 22 спорт түрүнөн 528 комплект медаль ойнотулат. Мелдештин өзгөчөлүгү - анда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар медаль үчүн жан үрөп, күч сынашмакчы.
Паралимпиада оюндарына Кыргыз Республикасынын желеги астында 3 спортчу катышмакчы. Алар: Эсен Калиев, Жыргалбек Орозбаев (пауэрлифтинг) жана Арстанбек Базаркулов (жеңил атлетика).