Бишкек шаарында 21-23-сентябрь күндөрү "Мекенге таазим" аталышындагы жаш жазуучулардын адабий фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу SUPER.KG`ге уюштуруучулардын бири Нурбек Маамытбаев билдирди. Анын айтымында, каалоочулар өздөрүнүн чыгармалары менен катыша алышат.
"21-сентябрда саат 16:00дө фестивалдын катышуучулары борбордук аянттагы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюшат. Андан соң Тарых музейине экскурсия болот. Фестивалдын экинчи күнүндө расмий ачылышы өткөрүлөт. Ал эми үчүнчү күнү жаш жазуучулардын чыгармалары талкууга коюлуп, алардын арасынан жаңы ысымдар, жаңы чыгармалар тандалып алынат. Мыктыларга, жеңүүчүлөргө Жазуучулар союзунан акчалай сыйлыктар берилет жана Жазуучулар союзуна кабыл алынат. Фестивалга 100дөн ашуун жаш жазуучулар катышары күтүлүүдө", - дейт Н.Маамытбаев.