SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Жигитинен өч алам деген кыз адашып башка бирөөнүн унаасын өрттөп салды" деген аталыштагы видео жүктөлдү.
Маалыматтарга караганда, америкалык кыз мурунку жигитинен өч алам деп адашып, башка бирөөнүн унаасын өрттөп салган. Видеодо кыздын токтоп турган унаанын багажына өрт коюп жатканы тартылып алынган. Андан соң кыз шашпай ары көздөй басып кетет. Маалыматтарда кыздын аты-жөнү айтылбайт. Бирок кылган ишине өкүнүп жатканы, мурунку жигитинен өч алуу үчүн ушундай кадамга барганын жана өрт койгон унааны жигитине таандык деп ойлогонун айткан. Учурда өрт коюу боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми өрттөнгөн унаа чынында кимге таандык болгону белгисиз.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.